Новосибирскте газдын жарылуусу: Кыргызстандык аял каза болду

Новосибирскте газдын жарылуусу: Кыргызстандык аял каза болду

Новосибирск шаарында жарылуудан жабыркаган кыргызстандык аял ооруканада каза болду. Бул тууралуу ТАСС саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, 24-февралда оор абалдагы аял Бердск шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө которулган. Дарыгерлердин аракетине карабай бейтап каза болгон.

Операциядан кийин аял 13-февралга чейин реанимацияда жатып, андан соң атайын травматология бөлүмүнө которулган. Ал жерде физиотерапия көнүгүүлөрү менен кайра отурууну үйрөткөн. Ал эми тигиштери айыгып, канааттандырарлык абалда реабилитациялык борборго которулган.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Новосибирсктеги жарылуудан кыргызстандык эки жаран жабыркаганын билдирген.

Алар — 29 жаштагы Т.А. уулу жана 44 жаштагы А.А.К. (аял киши) болгон. Алар газ жарылган үйдө батир алып жашаган.

Т.А. уулу иске ууланган. Ал №34 оорукананын токсикология бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми А.А.К.нын омуртка сөөгү сынып Новосибирсктеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө институтуна жаткырылган.

Новосибирскиде 9-февралда беш кабаттуу үйдө газ жарылып, имараттын эки кире бериши толугу менен урап түшкөн. Натыйжада жалпысынан 15 адам каза болгон. Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече батирлерде газ плиталарын тейлеген ишкананын эки кызматкери камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>