Бишкекте Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоодон кийин ачылдыӨкмөт башчы Бишкектеги ири стадиондун жана конгресс-холлдун курулушу менен тааныштыМонголия Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктадыЖК төрагасы Кытай парламентинин төрагасы Чжао Лецзи менен жолуктуКомуз белекке берилди. Садыр Жапаров менен Монголия Президенти “Рух-Ордого” барыштыФутбол. Кыргызстан Бахрейнди 1:0 эсебинде утту
Бишкектеги таштандыны иштетүүчү заводду чехиялык комания курат
01.03.2023 | 10:55
Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводду чехиялык Regreen команиясы курат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта маалымат жыйында шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, заводдун курулушуна 45 млн доллар кетери пландалууда. Каражатты аталган компания бөлөт.
“Бүгүн-эртең жол картага кол коебуз. Курулуш качан башталып, качан аяктары тууралуу маалымат берилет”, – деди ал.
Ал билдиргендей, Чехия тарап менен бирге таштанды полигонун, таштанды заводун, таштандыны чыгарууну караган бирдиктүү оператор болуп, ал “Тазалык” ишканасы менен иштешет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом