Казакстанда үй өрттөнүп, 12 адам каза болду. Алардын тогузу жаш балдар«KAV & KEV» компаниясынын директору Алексей Клевцовдун кармалганына ГКНБ комментарий бердиМедиация милдеттүү болот: Садыр Жапаров эки маанилүү мыйзамга кол койдуКөптөн кийин үн катты. Сапар Исаков Кыргызстандагы энергетикалык кризис боюнча пикирин билдирдиБишкек мэри энергияны үнөмдөө шартында коомдук жайлардын иштөө тартибин тактадыКыргызстанда мүлк салыгы боюнча өзгөртүүлөр киргизилди
Рейтингдик мелдеш: Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда (видео)
04.03.2023 | 17:50
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Болгариянын София шаарында өтүп турган Dan Kolov-Nikola Petrov мелдешинин чейрек финалына чыкты.
Ал бүгүн, 4-мартта килем үстүнө чыгып, беттешти квалификациялык раунддан баштады. Биринчи кармашында ал болгариялык Н. Петров менен күрөшүп, аны бир мүнөткө жеткирбей 9:0 эсебинде жеңип алды. Эми Шаршенбеков чейрек финалда күрөшөт.
Эскерте кетсек, бул мелдешке Акжол Махмудов (77 кг) менен Амантур Исмаилов (67 кг) да катышууда. Махмудов да биринчи беттешин жеңиш менен баштады.