Картаны сатуу түрмөгө жол ачат. Улуттук банк алдамчылык менен күрөшүүдө жаңы эрежелерди киргизүүдө. Эксперттин пикириЖарандык авиация кызматкерлери тил стандарттарын ишке ашыруу боюнча ИКАОнун жыйынына катыштыСадыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алдыИнфляция өсүүдө: Казакстандын улуттук банкы базалык ченди 18%га чейин көтөрдүАзат Салмурбек уулу Кара-Балтанын мэри болуп дайындалдыИзраил менен Хамас ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюшту
Бүгүн Бишкектин бир катар конушунда суу өчүрүлөт
07.03.2023 | 09:22
Бүгүн, 7-мартта Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалымтака караганда, эртең саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштардагы турак жай имараттары, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.
Суу “Энесай” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдардан жана калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом