“Манас” аэропортунда эки жаран 1 кг зер буюмдар менен кармалды

“Манас” аэропортунда эки жаран 1 кг зер буюмдар менен кармалды

«Манас» аэропортунда жалпы наркы 4 млн сомдон ашык зер буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Манас» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 6-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, «Манас» аэропортунун аэробекеттик комплексинде жүргүнчүлөрдү бажылык көзөмөлгө алуунун алкагында Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган.

“Ушул жылдын 23-февралында Стамбул — Бишкек авиакаттамы менен келе жаткан «Turkish airlines» авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү бажы көзөмөлүнүн аймагынан өтүп бара жатканда Өзбекстандын эки жараны К.С.Ш. жана Т.С.А. жалпы салмагы 1040 кг алтын зер буюмдарын бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалган», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган алтын зер буюмдардын орточо базар баасы 4 264 369 сомду түзгөн. Мамлекетке жалпысынан 950 614 сом зыян келтирилген.

Аталган факты каттоого алынып, материалдар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>