Кыргызстанда аялдар үй жумушуна канча убакыт коротору айтылды

Кыргызстанда аялдар үй жумушуна канча убакыт коротору айтылды

Кыргызстанда үй иштери көбүнчө аялдарга тиешелүү иш болуп саналат.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, өлкөдө аялдар үй жумуштарына өз убактысынын 18 пайыздан ашык кетиришет.

“Аялдар үй жумуштарына суткасына орточо эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлүшөт. Эркектерде бул чыгымдар 4,7 эсеге аз жана убакыттын суткалык эсебинин 4 пайызга жакынын түзөт. Натыйжада, аялдар эркектерге салыштымалуу үй жумуштарына дээрлик 5 эсеге жана бала тарбиялоого 2,3 эсеге көп убакыт коротушат”, — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда айыл жана шаар жерлериндеги аялдардын ортосунда үй жумуштарына бөлгөн убакытта олуттуу айырма бар.

“Айыл жериндеги аялдар шаардагы аялдарга салыштымалуу үй жумуштарына 1,3 эсеге көп убакыт коротушат. Алсак, айылдарда иштеген аялдар күнүнө орто эсеп менен 5 саат 25 мүнөт, ал эми шаарларда 4 саат 20 мүнөт убакыт сарпташат”, — деп белгилейт Улуттук статистикалык комитет.

Маалымдалгандай, аялдардын эс алуусунун активдүү түрү (спорт, сейилдөө) жумасына 1 саат 24 мүнөттү түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>