Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Орусияда жол кырсыгынан кыргыз жараны жабыркады
13.01.2020 | 13:20
Орусиянын Рязань облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болуп, 5 адам оор жаракат алды. Окуя кечээ, 12-январда Москва – Астрахань унаа жолунун 386-чакырымында катталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Элчиликтин маалыматында, Лада Ларгус унаасы менен Хендай Соларис унаасы сүзүшүп кеткен. Жабыркагандардын арасында кыргыз жараны да бар экенин такташкан. Ал унаада жүргүнчү катары бара жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар