Болоткан Баяке уулу Баткен районунун акими болуп дайындалдыПрокуратура: Жалал-Абад облусунда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия дайындалганКыргызстандыктар үчүн Кытайдын ЖОЖдорунда окууга 9 мамлекеттик стипендия бөлүндүMBusiness акциясында ишкерлер 1 миллион жана 200 миң сомдон утуштуПутин, Си Цзиньпин жана Трамп Шэньчжэнь шаарында жолугушту: сүйлөшүүлөр алдындагы негизги учурларЖыргалаңдагы «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери 1-декабрда расмий түрдө ачылат
Орусияда жол кырсыгынан кыргыз жараны жабыркады
13.01.2020 | 13:20
Орусиянын Рязань облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болуп, 5 адам оор жаракат алды. Окуя кечээ, 12-январда Москва – Астрахань унаа жолунун 386-чакырымында катталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Элчиликтин маалыматында, Лада Ларгус унаасы менен Хендай Соларис унаасы сүзүшүп кеткен. Жабыркагандардын арасында кыргыз жараны да бар экенин такташкан. Ал унаада жүргүнчү катары бара жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар