(Сүрөт: В. Ушаков)
Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, Талас облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +4…+9
күндүз +20…+25
Талас облусу
түнкүсүн +2…+7
күндүз +18…+23
Баткен облусу
түнкүсүн +7…+12
күндүз +22…+27
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +7…+12
күндүз +22…+27
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн 0…+5
күндүз +13…+18
Нарын облусу
түнкүсүн -3…+2
күндүз +12…+17
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 6…8, күндүзгү жогорку температурасы 23…25. болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз