29-мартка карата аба ырайы

29-мартка карата аба ырайы
(Сүрөт: В. Ушаков)

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, Талас облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +4…+9

күндүз +20…+25

Талас облусу

түнкүсүн +2…+7

күндүз +18…+23

Баткен облусу

түнкүсүн +7…+12

күндүз +22…+27

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +7…+12

күндүз +22…+27

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн 0…+5

күндүз +13…+18

Нарын облусу

түнкүсүн -3…+2

күндүз +12…+17

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип,  абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 6…8, күндүзгү жогорку температурасы 23…25. болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>