Садыр Жапаровго таэквондо боюнча ардактуу тогузунчу дан ыйгарылды

Садыр Жапаровго таэквондо боюнча ардактуу тогузунчу дан ыйгарылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президенти Чунг Вон Чону  кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташуу, ошондой эле спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелери талкууланган.

Жапаров таэквондо жаштарды эрктүүлүккө жана тартипке тарбиялоого, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга багытталган өлкөдөгү эң популярдуу спорттун түрлөрүнүн бири экенин белгилеген.

Өз кезегинде Чунг Вон Чо Жапаровго өзүн өзү коргоо өнөрүнүн бул түрүн жайылтууга багытталган, айрыкча социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдарын таэквондого акысыз үйрөтүү боюнча иштер тууралуу айтып берген

Ошондой эле, ал Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын президиуму президент Садыр Жапаровго таэквондо (WTF) боюнча ардактуу тогузунчу данды ыйгарууну чечкендигин, ал жакын арада ага ыйгарыла турганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>