Токмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиев абактан чыгарылып, иши кайра кароого жөнөтүлдүАдылбек Касымалиев Бишкектеги Соттук-медициналык экспертиза борбору үчүн жаңы имарат курууну тапшырдыАла-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылдыДастан Бекешев мопеддерге коюлган жаңы талаптардан улам курьерлердин массалык жумушсуз калуу коркунучун эскерттиЧек ара кызматында жаңы орун басарлар дайындалдыКөпчүлүк аймактарга кар жаайт: 11-мартка карата аба ырайы
Тоодон бутун сындырып алган аял куткаруучуларды чакырды
03.04.2023 | 23:21
Аламүдүн районунда куткаруучулар буту сынган аялды тоодон түшүрүштү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2-апрелде Аламүдүн районуна караштуу Байгелди айылына жакын тоого жолдошу менен эс алганы барган 49 жаштагы М.А. аттуу аял бутун сындырып алган.
Жаранга жардам көрсөтүү үчүн жерине Аламүдүн райондук ӨК бөлүмүнүн 4 куткаруучусу тартылган.
Адистер куткаруу шаймандарынын жардамы менен жабыркаган аялды тоодон алып түшүп, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда абалы туруктуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом