Төкмө акын кыздар эл аралык айтышта жеңүүчү болушту

Төкмө акын кыздар эл аралык айтышта жеңүүчү болушту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев эл аралык айтыштарда байгелүү орундарды багындырган төкмө акындарды кабыл алды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Маалым болбойгондой, төкмө акын Нурайым Бактияр кызы 2023-жылдын 25-мартында Казакстандын Чымкент шаарында казакстандык белгилүү инсан Бибижамал Абзалованы элесинен арналып өткөн «Жаңа жоомарт — Жамал ана» эл аралык айтышында экинчи орунду алган. Ал эми төкмө акын, Элмирбек Иманалиевдин шакирти Изат Айдаркулова Монголиянын Кобда аймагында өткөн “Алтайым аскар бийигим” аттуу эл аралык айтышта экинчи орунду жеңип келген.

Изат Айдаркулова эл аралык айтышта экинчи орунду алгандан тышкары “Жигердүү жаштар” аталыштагы медаль менен сыйланган.

Министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев таланттуу акын кыздарды жеңиши менен куттуктап, алган сыйлыктарын тапшырды.

Кыргыздын намысын коргоп, эл аралык айтышта байгелүү келген эки акын кыз Кыргыз улуттук “Манас” театрында эмгектенишет.

Ошондой эле, 3-апрелде Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулун жана эл аралык айтыштан байгелүү кайткан төкмө акын кыздарды кабыл алып, парламенттик фракциянын атынан Ыраазычылык кат тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>