«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Казакстан менен Кытай өз ара визасыз режим киргизет
13.04.2023 | 20:59
Казакстан менен Кытайдын өкмөттөрү эки өлкөгө кирүүдө өз жарандарына визасыз режим киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Tengritravel.kz сайты жарыялады.
Тиешелүү токтомдун долбоорун Тышкы иштер министрлиги даярдаган.
Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытай жарандары Казакстанда чек арадан өткөн учурдан тартып 30 күндөн ашык эмес, же 180 күндүк мөөнөттө 90 күн боло алышат.
Токтом долбоорунда келишимге казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин 18-19-майдагы Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында кол коюлары белгиленген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар