Бишкекте ата-энеси батирге камап кеткен үч наристе куткарылды

Бишкекте ата-энеси батирге камап кеткен үч наристе куткарылды

Ата-энеси батирге калтырып кеткен үч наристе куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-апрель күнү, Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде 4 жашар кыз балконго чыгып, жардам сурап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине дароо Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан кызматкерлер барып, алгач сүйлөшүү жүргүзүү менен кичинекей кызды балкондон үйгө кирүүгө көндүргөн. Андан соң батирдин бекилген эшигин ачып киришип ичинде жалпы үч кичинекей 3 -5 жашар балдар бар экендигин аныкташкан.

Куткаруучулар балдардын абалы жакшы экендигине көз салган соң, апасын чакырып өткөрүп беришкен.

Ушул эле күнү куткаруучулар борбор калаанын Айтматов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн 6 кабатындагы батирдин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ээси ачкычын унутуп калгандыктан үйгө кире албай көпкө убара болгондугун айтып, а бирок ыкчам жана тез убакытта жардам көрсөткөн куткаруучуларга ыраазычылыгын билдирип коюу максатында ӨКМдин Куткаруу кызматынын диспетчердик нөөмөт номерине байланышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>