Кыргызстандын базарларында соода орду канча турат – Улутстаткомдун маалыматыКыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталуудаТабылды Коомбаев — пастель, поэзия жана «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү жөнүндөБишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов камакка алындыКыргызстанда 316 базар жана 93 соода борбору иштейт – УлутстаткомMicrosoft кызматтарындагы глобалдык үзгүлтүк 74 өлкөгө таасир этти
Казакстан менен Кытай өз ара визасыз режим киргизет
13.04.2023 | 20:59
Казакстан менен Кытайдын өкмөттөрү эки өлкөгө кирүүдө өз жарандарына визасыз режим киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Tengritravel.kz сайты жарыялады.
Тиешелүү токтомдун долбоорун Тышкы иштер министрлиги даярдаган.
Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытай жарандары Казакстанда чек арадан өткөн учурдан тартып 30 күндөн ашык эмес, же 180 күндүк мөөнөттө 90 күн боло алышат.
Токтом долбоорунда келишимге казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин 18-19-майдагы Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында кол коюлары белгиленген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар