Кыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдөДанияр Мамыров: Ислам каржылоосу кандай иштейт жана эмнеге башка банктарга караганда кымбатыраакАстанадагы климаттык суу бөлүштүргүчУКМК «Евразия» соода борборуна эки ирет бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген шектүүнү кармады
Улан Карыпбеков Мамлекеттик кызмат агенттигине жетекчи болду
14.04.2023 | 17:12
Улан Карыпбеков Мамлекеттик кызмат жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык Карыпбеков Улан Кадырсултанович Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган кызматты Элчибек Жантаев жетектеп келген. Ал президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом