“Токмок жылуулук” ишканасында коррупциялык схема аныкталды

“Токмок жылуулук” ишканасында коррупциялык схема аныкталды

“Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн мамлекеттик мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Токмок шаарындагы “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруу боюнча маалыматтар келип түшкөн. Анда, бир катар үйлөр “Токмок жылуулук” МИнин борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталган, келтирилген зыян алдын ала алынган маалыматтар боюнча 25 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Жеке үйлөрдү борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошуунун жагдайларын аныктоо боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө 55 млн сомдон ашык суммадагы жаратылыш газын ашыкча чыгымдоо жана бюджеттен 49 миллион сомдон ашык бөлүнгөн каражаттарды сарамжалсыз пайдалануу боюнча башка мыйзам бузуулар аныкталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейинки аралыкта күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана Токмок шаарындагы “Токмок жылуулук” МИге жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>