Үшүк жүрөт. Кыргызстанда 18-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы

Үшүк жүрөт. Кыргызстанда 18-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы

Кыргызстандын аймагында 15-апрелде күндүз, 16-17-апрель күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүп, айрым аймактарда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-апрелде күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, 16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

17-18-апрелде абанын температурасы:

— Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 градус жылуу, күндүз 6…11 градус болот;

— Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 градус, күндүз 5…10 градус жылуу;

— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 8…13 градус болот;

— Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2 градуска чейин төмөндөйт, күндүз 6…11 градус болот;

— Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, айрым жерлерде -1…-3 градус суук, күндүз 6…11° жылуу,  тоо этектеринде түнкүсүн -1…-3° , күндүз 3…8° жылуу,  тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу,  бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16 градус суук, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Ошондой эле күтүлүп жаткан үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>