Президенттин Оштогу өкүлү алмашты

Президенттин Оштогу өкүлү алмашты

Жантаев Элчибек Нуржадыевич президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду, деп билдирет өлкө башчынын маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, облустун буга чейинки башчысы Зиядин Жамалдинов баштаган бир катар жетекчилер кызматтан бошотулду. Буга алардын функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы себеп болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жаңы дайыдалган Элчибек Жантаевди облус автивине тааныштырды.

Өмүр баяны

Элчибек Жантаев 1973-жылы 8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында туулган.

Эмгек жолу:

— 2002–2003 — статист-экономист, Ак-Чий айыл өкмөтү;
— 2003–2009 — жооптуу катчы, Ак-Чий айыл өкмөтү;
— 2009–2012 — Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы;
— 2013–2014 — Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы;
— 2014–2018 — Ак-Суу районун акиминин орун басары;
— 2018–2020 — Түп районунун акими;
— Июль 2020 — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
— Ноябрь 2020 — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
— Май 2021- Айыл чарба, суу жана Токой чарба министрлигинин,аймактарды өнүктүрүү агенттигинин директору;
— Ноябрь 2021 — Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>