Оштун экс-мэри Айтмамат Кадырбаевдин инисинин сабалышына катыштыгы бар делип кармалган “Казак” деген каймана аты бар Умар Маратов 17-февралга чейин камакка алды.
Тиешелүү токтомду 19-январда Ош облустук соту чыгарганын облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Раимбеков 11-январь күнү Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда сабалган.
Бул фактынын алкагында шектүү катары Умар Маратов 17-январь күнү кармалган.
Белгилей кетсек “Казак” каймана атту Умар Маратов уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат. Ал буга чейин уурулук жана каракчылык беренелери боюнча соттолуп чыккан.
2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктоого шектелген. Ага чейин Ош шаарындагы эс алуу жайлардын биринен 23 жаштагы жигитке бычак сайган деп кармалган.
Кийин ал Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованын чечими менен үй камагына чыгарылган. 17-январда президент Сооронбай Жээнбеков судья Айнура Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон.
+