Министрлер кабинети кыргыз тилин өнүктүрүүнүн 2028-жылга чейинки программасын бекиттиИгорь Шестаков Бишкек менен Минсктин биримдигине болгон кызыгуунун себебин түшүндүрдүКүн күркүрөп, шамал катуулайт: 12-июлга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандын бийлиги Moody’s агенттиги менен республиканын кредиттик рейтингин жогорулатууну талкууладыЭмне үчүн жаштар тарыхты башкача кабыл алышат? КУУнун деканынын түшүндүрмөсүПрезидент айрым тарифтерди жана мамлекеттик кызматтардын баасын жогорулатууга бир жылга тыюу салды
Соттолгондордон сый акы алган Адилет министрлигинин адиси кармалды
20.01.2020 | 13:46
Адилет министрлигинин караштуу Талас шаардык жана Талас районуну боюнча пробация органынын башкы адиси пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Маалым болгондой, 1975-жылы туулган шектүү кызматтык абалын пайдаланып, эркиндигинен ажыратылган адамдарга анча оор эмес кылмыш үчүн пробацилык билдирүүлөрдү даярдоодо туруктуу негизде акчалай сый акы алып турган.
18-январында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө соттолгон адамга катара пробациялык билдирүү даярдоодо шектүү талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда кармалган.
Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар