Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Швейцария Бишкекте канализация курууга 13 млн евро грант берди
28.04.2023 | 15:40
Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте канализация курууга 13 млн. евродон ашык грант берди. Бул тууралуу аталган элчилик билдирди.
Бүгүн Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер, Бишкектин мэри, “Бишкексууканалдын” жана ЕРӨБдүн өкүлдөрү узундугу 11 км болгон жаңы канализациялык коллекторду куруу боюнча долбоорго барышты.
Бул коллектор Бишкектин түштүк жана батышындагы жаңы конуштардын жашоочуларын шаардык тармак менен байланыштырмакчы.
“Долбоор 150 000ге жакын адамдын жашоосун жакшыртат. Швейцария бул долбоор үчүн грант түрүндө 13 миллиондон ашык евро бөлүп берди”, – деди элчи Бангертер.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом