Кыргызстандык балбан кыздар Түркиядагы мелдешке катышат

28.04.2023 | 16:47

Кыргызстандык балбан кыздар Анталия шаарында (Түркия) өтө турган Victory Cup and Champions эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 29-апрелден 4-майга чейин болуп өтөт. Кыргызстандын атынан мелдешке 7 спортчу барат:

  1. Айдай Нурудинова (62 кг);
  2. Айтолкун Медет кызы (57 кг);
  3. Таңчолпон Кабылбекова (62 кг);
  4. Калмира Билимбекова (59 кг);
  5. Гулнур Таштанбекова (68 кг);
  6. Жаркынай Нурлан кызы (62 кг);
  7. Гүлдана Баатырбекова (60 кг).
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top