Кыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылдыИсхак Масалиев чуулгандуу иштерди кайра кароону сунуштады. 2020–2026-жылдардагы эң ири соттук процесстерди эске салабызСоциалдык контракт алууга арыздарды кабыл алуу башталдыУлуу Британиянын ордуна Швейцария: Кыргызстандын экспортунун географиясы кандай өзгөрдү?Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүгө айыпталып 70тен ашык кыз кармалдыОш шаарында курулуп жаткан «Келечек» базары мартта пайдаланууга берилет
Баткенде банктык карта уурдалып, андан акча чыгарып кетишкен
29.04.2023 | 10:14
Кызыл-Кыя шаарында мектептен банк картасы уурдалып, андан 90 миң сом чыгарылып кеткен. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, банк картанын жоголгону тууралуу маалымат бир ай мурун, 27-мартта түшкөн. Уурулук кеңселердин биринде болгон.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча каттоого алынган. Шектүү катары 37 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адам уурдалган сумманы жабырлануучуга кайтарып берген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом