Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Баткенде банктык карта уурдалып, андан акча чыгарып кетишкен
29.04.2023 | 10:14
Кызыл-Кыя шаарында мектептен банк картасы уурдалып, андан 90 миң сом чыгарылып кеткен. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, банк картанын жоголгону тууралуу маалымат бир ай мурун, 27-мартта түшкөн. Уурулук кеңселердин биринде болгон.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча каттоого алынган. Шектүү катары 37 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адам уурдалган сумманы жабырлануучуга кайтарып берген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом