Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Байыл дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөбү? Министрликтин жообу
29.04.2023 | 09:30
Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлердин айлыгын көтөрүүгө каражат издеп жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, саламаттыкты сактоо тармагын каржылоого багытталган бюджет буга чейин бекитилген.
«Бирок биз дарыгерлердин айлыгын көтөрүүгө каражат издеп жатабыз. Качан жана канчага көбөйөрүн так айта албайбыз. Мунун баары каражатка көз каранды», – деди ал.
Белгилей кетсек, 2022-жылы апрель айында үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы 100%га, июль айында дарыгерлер менен фельдшерлердин айлыктары 50%га көтөрүлгөн.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом