Кыргызстанга акыркы төрт айдын ичинде Өзбектандан 1 млн 618 миң киши кирди. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, ушул эле убакыт аралыгында Кыргызстандан Өзбекстанга 1 млн 574 миң 732 адам кирген.
“Демек, булар Өзбекстандан келип кайра чыккандар. Өзбекстандык жарандар Кыргызстанга ID карта менен кирип-чыгышат”, — деди ал.
Депутат Улугбек Ормонов кирип жана чыккан адамдардын санында айырма бар экенин айтып, аларды тыкыр каттоого алууну жана коопсуздук маселесине көңүл буруу керектигин белгиледи.
Жыйында “2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргызстандын өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз