Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине барды
09.05.2023 | 13:25
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 98 жаштагы Салахидин Токтобаевге барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров ардагерге Президент Садыр Жапаровдун атынан жеке куттуктоосун айтып, 100 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү тапшырды.
Ошондой эле ал ардагерге жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, жакшылык жана бакубатчылык каалап, Улуу Ата Мекендик согушта өз өмүрүн кыйып, Жеңишке жетишкен жоокерлердин ынтымагын, биримдигин, бекемдигин жана берилгендигин белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом