Кыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди БекешевКүнөөкөрдү алмаштырууга $4 миң сунушташкан — Надырбек ЖусуповПольшадагы конституциялык кризис: президент өлкөгө кайтып келди, сот имаратынын алдында — нааразылыктарБишкекте 8-ноябрда веложарышка байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилет
Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине барды
09.05.2023 | 13:25
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 98 жаштагы Салахидин Токтобаевге барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров ардагерге Президент Садыр Жапаровдун атынан жеке куттуктоосун айтып, 100 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү тапшырды.
Ошондой эле ал ардагерге жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, жакшылык жана бакубатчылык каалап, Улуу Ата Мекендик согушта өз өмүрүн кыйып, Жеңишке жетишкен жоокерлердин ынтымагын, биримдигин, бекемдигин жана берилгендигин белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом