Ош: Акылбек Жапаров “Өлбөс полкко” катышты

Ош: Акылбек Жапаров “Өлбөс полкко” катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата “Өлбөс полктун” митинг-реквиемине жана жүрүшүнө катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, МинКаб төрагасы Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерди.

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы сөз сүйлөп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана тыл эмгекчилерин Жеңиш күнү менен куттуктады.

Акылбек Жапаров, Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлеринин эрдигинин жана баатырдыгынын, тылдагы адамдардын күжүрмөн эмгегинин аркасында “биз ачык асман алдында жашоого мүмкүнчүлүк алдык”, — деп белгиледи.

“Кыргызстандан согушка кеткен 360 миң жоокердин 100 миңден ашуунц кайтпай калган. 70тен ашуун жоокер Советтер Союзунун Баатыры болду. Эч ким, эч качан унутулбайт!” – деген Акылбек Жапаров Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон жоокерлерди дагы эске салды.

МинКаб Төрагасы быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине 100 миң сомдон бир жолку жардам бөлүнөөрүн, мындан тышкары аларга айына 10 миң сомдон өмүр бою президенттик стипендия, 7 миң сом өлчөмүндө компенсация жана 10 миң сомго чейин пенсия берилээрин белгиледи.

Жерибизде ар дайым тынчтык жана ынтымак болсун! Ардагерлерибизге бекем ден соолук каалайм. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен”, — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин башчысы “Өлбөс полк” жүрүшүнүн башында фронттон үч бир туугандын ичинен жалгыз кайтып келген чоң атасынын иниси Токтобек  Айдаровдун сүрөтүн көтөрүп басып өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>