Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен Москвада жолугушту
09.05.2023 | 17:32
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Москвада Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле биргелешкен өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү боюнча чараларды талкуулашты.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 78 жылдыгы менен бири-бирин куттукташты.
Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын боордош элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу өнөктөштүктүн бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүгүүсүн арттырууга макулдашышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат