Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
13 жаштагы Айсезим Арзыматова изделүүдө
11.05.2023 | 22:15
Сокулук районунда 13 жаштагы дайынсыз жоголгон Арзыматова Айсезим Данияровна изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыздын туугандары милицияга кайрылып, 2010-жылы туулган Арзыматова Айсезим Данияровнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Ал 2023-жылдын 26-апрелинде Ново-Павловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 см, көздөрү кара, чачы далысына чейин кара, арык чырай, ак жүздүү.
Кийимдери: кара-күрөң түстөгү свитер, классикалык кара шым, бутунда ак кроссовка.
Жогорудагы Арзыматова Айсезим Данияровнаны көргөн-билгендер төмөндөгү телефон номерлер аркылуу билдирсе болот: 03134 5-33-80, 0558 86-14-86
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом