Мандатын тапшырган Сулаймановдун ордуна Азизбек Абдуллаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди2025-жылы Ош шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүнгөнМСК: Мамлекеттик кызматкерлер жана уюмдар салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керекКыргызстандык салык төлөөчүлөр кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды тактоого чакырылдыСадыр Жапаров Казакстанда бир палаталуу парламент түзүү демилгесин колдойтКонституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жок
Ошто эки чет элдик жасалма 20 миң доллар менен кармалды (видео)
20.05.2023 | 14:40
“Ош” эл аралык аэропортунда эки чет элдик жаран 20 миң доллар жасалма акча менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүүлөр 17-майда Түркиядан Ош шаарына учуп келген. Алар көзөмөл-өткөрмө жайдан өтүп жатканда кармалган. Алардын жанынан 20 миң доллар жасалма акча табылып алынган.
Кармалгандар 37 жаштагы Ф.А. жана 35 жаштагы Ш.Н. аттуу адамдар.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз