Видео: Милиционерди сабоого шектелгендер үй камагына чыкты

Видео: Милиционерди сабоого шектелгендер үй камагына чыкты

Бишкекте милиция кызматкерин сабоого шектелип кармалган төрт шектүү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин райондук соттун чечими менен 23 жаштагы Э.А., Ш.А., К.Р. жана 24 жаштагы Б.Б. аттуу жарандар үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, 17-майга караган түнү «102» кызматына Жал кичирайонунда, Тыналиев көчөсүндө мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, К.М. аттуу жаран сабалганы белгилүү болгон (милиция кызматкери). Ал тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Анын баш мээси чайкалып, буту сынган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары төрт адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды: Э.А.Б.Б., К.Р. жана Ш.А аттуу жарандар. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы шектүүлөрдүн кармалышынын видеосу менен бөлүшкөн.

Ошондой эле, соцтармактарга мушташтын видеосу чыккан.

Бишкекте мушташ чыгып, милиционер сабалды. Окуянын видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>