Токмоктогу жол кырсыктан каза болгон сегиз адамдын тизмеси. Видео

28.05.2023 | 11:20

Токмоктогу айланма жолдо катталган кырсыктан сегиз адам каза болгонун милиция тастыктады.

Каза болгондордун баардыгы Нарын облусунун тургундары. Алардын ичинен үч адам бир үй-бүлөдөн болушат (жубайлар, эки жашар кызы менен). Дагы эки адам ооруканага жеткирилген.

ЖКККББдан билдиришкендей, оң рулдуу Honda Odissey үлгүсүндөгү унаа Нарындан Бишкекке келе жаткан, ичинде 8 адам болгон.

Унаа жолдун 78-чакырымында автоманипулятор менен кагышкан.

Каза болгондордун тизмеси:

– Ж,А, 1986-жылы туулган;

– К.Ж, 1986-жылы туулган;

– А.к.Э, 2021-жылы туулган;

– Ж.С, 1986-жылы туулган;

– А.к.З, 2017-жылы тулуган;

– И.А, 1958-жылы туулган;

– С.Т, 1995-жылы туулган;

– 1999-жылы туулган (аты-жөнү такталууда).

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы оң рулдуу унаа менен такси кызматына чыкпоону  эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top