Токмоктогу жол кырсыктан каза болгон сегиз адамдын тизмеси. Видео

Токмоктогу жол кырсыктан каза болгон сегиз адамдын тизмеси. Видео

Токмоктогу айланма жолдо катталган кырсыктан сегиз адам каза болгонун милиция тастыктады.

Каза болгондордун баардыгы Нарын облусунун тургундары. Алардын ичинен үч адам бир үй-бүлөдөн болушат (жубайлар, эки жашар кызы менен). Дагы эки адам ооруканага жеткирилген.

ЖКККББдан билдиришкендей, оң рулдуу Honda Odissey үлгүсүндөгү унаа Нарындан Бишкекке келе жаткан, ичинде 8 адам болгон.

Унаа жолдун 78-чакырымында автоманипулятор менен кагышкан.

Каза болгондордун тизмеси:

— Ж,А, 1986-жылы туулган;

— К.Ж, 1986-жылы туулган;

— А.к.Э, 2021-жылы туулган;

— Ж.С, 1986-жылы туулган;

— А.к.З, 2017-жылы тулуган;

— И.А, 1958-жылы туулган;

— С.Т, 1995-жылы туулган;

— 1999-жылы туулган (аты-жөнү такталууда).

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы оң рулдуу унаа менен такси кызматына чыкпоону  эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>