Өкмөт башчы Москвага иш сапары менен баратКыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөнЧүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды«Пуля» Валентина Шевченко Вейли Чжанды жеңип, UFCнин алдыңкы орунда калды3 мамлекеттин тарыхый келишими: Ташкентте ТИМ башчылары чек аралардын кесилиш чекитин бекитишти17-ноябрга карата аба ырайы
Курман айт 28-июнда белгиленет
19.06.2023 | 09:20
Кыргызстанда Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-июнь Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 27-июнда арапа күнү болот.
Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет.
Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом