Бишкекте 150 млн долларга фарм завод жана биолаборатория курулат

Бишкекте 150 млн долларга фарм завод жана биолаборатория курулат

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын территориясына инсулин жана дары-дармек чыгарган завод курулат. Бул тууралуу «BIOPHARMAX» компаниясынын Кыргызстандагы башкы директору Жыргалбек Сагынбаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Министрлер кабинети тарабынан жер бөлүнүп берилди.

“Бүгүнкү күндө биз курулушту баштоого даярбыз. Долбоор эл аралык стандартка туура келген кампанын курулушу менен башталат. Мындай кампа Кыргызстанда биринчи жолу болмокчу жана заманбап курулуп, иши роботтоштурулат. Кампанын аянты 4 миң чарчы метрден ашык болмокчу”, — деди ал.

Ошондой эле, бир нече биолаборатория жана дары-дармек чыгаруу боюнча негизги завод курулат.

“Инвестициянын жалпы көлөмү 150 млн. доллар, ал эми долбоор ишке ашырылгандан кийин миңден ашык жумуш орду түзүлмөкчү”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>