Апта ичинде кимдер жаңы кызматка дайындалды? Тизме

Апта ичинде кимдер жаңы кызматка дайындалды? Тизме

Кыргызстанда ушул жылдын 12-июндан 16-июнга чейин бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка дайындалган жана кызматынан кеткен жетекчилерди тизмектеди.

Бекжан Супаналиев Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Ал санариптештирүү маселесин көзөмөлдөйт.

Бекжан Супаналиев 1977-жылы 11-июлда туулган. Бишкек гуманитардык университетин (саясат таануу), Беларус мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтун (дүйнөлүк экономика), Токиодогу Мэйдзи университетин (мамлекеттик башкаруу магистри) аяктаган.

Бул кызматка дайындалганга чейин Бишкек Green Finance Centre компаниясынын башкы директору, Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору, өкмөттүн аппаратында иштеген.

Алмазбек Туманов жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары кызматынан кетти.

Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган.

Ал министрдин орун басары катары Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн.

Алмаз Туманов министрдин орун басары болуп 2022-жылдын октябрынан бери иштеп келген.

Сабырбек Султанбеков энергетика министринин орун басары кызматынан кетти. Ал 2022-жылдын октябрынан бери энергетика министринин орун басары болуп иштеген.

Сабырбек Султанбеков өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Министрдин жаңы орун басары дайындала элек.

Акыйкатчынын орун басарлары шайланды. Алар Шухрат Айтиев менен Айчүрөк Назаралиева болду.

Акыйкатчынын мурдагы орун басары Альберт Колопов мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Шухрат Айтиев 1984-жылы 15-августта төрөлгөн. ОшМУну аяктаган, кесиби психолог, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин (юриспруденция) бүтүргөн.

Эмгек жолун 2006-жылы Миграция жана ишке орноштуруу боюнча Жалал-Абад облустук комитетинде адис болуп иштөөдөн баштаган. Жалал-Абад облустук журналистика борборунун директору, андан кийин Кара-Көл шаардык социалдык коргоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болгон. Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын катчылыгында иштеген. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы суу транспорту департаментин жетектеген.

Айчүрөк Назаралиева 1975-жылы 21-сентябрда төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин (юриспруденция) аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы Бишкек жогорку коммерциялык колледжинин юридикалык дисциплиналар кафедрасында окутуучу болуп иштөө менен баштаган. 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин аппаратында ар кандай кызматтарда иштеген.

Жумаш Содомбаев «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.

Жумаш Содомбаев буга чейин «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары болуп иштеген.

2017-жылы жол чарба департаментинин директорунун ошол кездеги өндүрүш боюнча орун басары Жумаш Содомбаев кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында автожолдордогу жамоо иштерин начар уюштургандыгы үчүн кызматынан бошотулган.

Адилет Абдирешов “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары болду. Буга чейин «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Чүй филиалынын №958 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси болуп иштеген.

Манас Мураталиев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими болуп дайындалды.Буга чейин мамлекеттик администрацияны Мирлан Карагулов жетектеп келген.

Ал май айында Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалган. Бул дайындалганга чейин Манас Мураталиев “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын кеңешчиси, андан кийин жетекчисинин орун басары болгон.

Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Фархад Бекманбетов ээлеген кызматынан бошотулду.

Май айында Кыргыз мамлекеттик циркинде жаңжал чыккан.

Артисттер мекеменин директору Фархад Бекманбетовдун коррупциялык схемаларына нааразы болушкан. Алар өлкөдөгү жалгыз цирктин абалы кейиштүү экенин, директор ижарага алган жайлардын биринен рулеткалар табылганын айтышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>