Ош мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт
Кыргызстанга Германиянын президенти келди
21.06.2023 | 22:45
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, “Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу мейманды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.
Иш сапардын алкагында Германиянын Федералдык президенти Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугат, анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат