22-июнга карата аба ырайы

22-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидромет маалымдагандай, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Чүй, Ош облустарынын өрөөндөрүндө, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +16… + 21

күндүз +29… + 34

Талас облусу

түнкүсүн +13… + 18

күндүз +28… + 33

Баткен облусу

түнкүсүн +19… + 24

күндүз + 31… + 36

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +19… + 24

күндүз + 31… + 36

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +10… + 15

күндүз +24 … +29

Нарын облусу

түнкүсүн +10… + 15

күндүз + 22 … +27

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с. абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>