Дастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсызКыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилетӨзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду
Диплом чыры: Мандатынан ажыраган эки депутат сотко кайрылды
12.07.2023 | 16:14
БШК мандатынан ажыраткан депутаттар Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Бишкек административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Исамилов менен Алимжанов соттон Борбордук шайлоо комиссиясынын аларды мандатынан ажыратуу тууралуу чечимин мыйзамсыз деп табууну суранышкан.
Исмаиловдун арызы боюнча соттук отурум 17-июлда, ал эми Алимжановдуку боюнча 18-июлда өтөт.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан. Ага жасалма диплом маселеси себеп болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом