Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынан кийин UWW дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыкты22-апрель: Айрым аймактарга жаан жаайтӨч алуу үчүн бильярд клубун өрттөшкөн. Кара-Сууда эки кыз кармалдыМэрия шаардык кеңештин кароосуна сууга болгон жаңы тарифтерди алып чыкты — долбоорБеловодское айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 150 түп дарак тигилдиБекешев Жогорку Кеңештеги кадрдык дайындоолорго УКМКнын кийлигишүүсү тууралуу айтты
Акын Шайлообек Дүйшеевге ТҮРКСОЙдун медалы ыйгарылды
18.07.2023 | 11:01
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевге ТҮРКСОЙдун алтын медалы ыйгарылды. Медалды кечээ, 17-июлда ТҮКРСОЙдун баш катчысы Султан Раев тапшырган. Бул тууралуу акын Максат Жангазиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Сыйлык Эл акынына түрк дүйнөсүндөгү үзүрлүү эмгеги үчүн берилген.
Түрк тилдүү мамлекеттердин достугун чыңдоо, аларды бири-бирине жакындатуу максатында иш алып барган ТҮРКСОЙ эл аралык уюму маданият тармагында иштегендерге жыл сайын атайын сыйлык берип келет.
Акын Шайлообек Дүйшеев II жана III даражадагы «Манас» орденинин, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыктын, КМШ мамлекеттеринин Чыңгыз Айтматов атындагы парламенттер аралык сыйлыгынын лауреаты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы