Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Диплом чыры: Эки депутаттын доо арызы сотто каралууда
18.07.2023 | 11:23
Депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча арызы Бишкек шаардык административдик сотунда 17-июлда каралып, алдын ала угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, биринчи соттук отурум 3-августта болот. Ал эми Фарходбек Алимжановдун доо арызы бүгүн, 18-июлда саат 14:00дө каралат.
Буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду 6-июлда мандатынан ажыраткан. Алар БШКнын чечими боюнча сотко арызданган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат