Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды
Мэрия: Бишкектиктер сууну пайдалануу эрежесин бузуп жатышат
18.07.2023 | 15:27
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы күндүзгү убакта ичүүчү суу менен жашыл бак-дарактарды сугарууну аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды улантууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ушул жылдын май айынын башынан 14-июлуна чейин 174 997 абонент текшерилген. Анын ичинен 172 миң 494 үй жана 1503 башка керектөөчүлөр. Жыйынтыгында 760 бузуу аныкталды.
– шаар боюнча – 178 үй;
– конуштарында – 447 үй;
– уюмдар – 135.
Арча-Бешик конушунда 11-июлдан 13-июлга чейинки аралыкта рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 50 үйдө бузуулар катталган. Бул үйлөрдүн ээлерине эскертүүлөр берилип, ошондой эле ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча 1381 турак үйгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом