Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
«Достук-автожол» аркылуу бир суткада 22 миңге чейин адам өтүүдө
18.07.2023 | 15:20
2023-жылдын 10-июлунан баштап “Достук-автожол” өткөрүү жайында жүргүнчүлөрдүн жана транспорт каражаттарынын агымы көбөйдү. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдайт.
Билдирүүгө ылайык, бир сутка аралыгында өткөрүү жайынан 18 миңден 22 миңге чейин адам өтүүдө.
“2023-жылдын алты ай аралыгында “Достук-автожол” өткөрүү жайы аркылуу мамлекеттик чек араны 2 миллион 800 миң адам, 68 миң транспорт кесип өткөн. Жарым жыл ичинде өткөрүү жайынын аскер кызматчылары туура эмес документ көрсөткөн 595 жаранды аныкташкан. Ал эми 51 миллион 652 миң сомду түзгөн аткезчилик жүктү кармашкан, анын ичинде алтын буюмдар жана чет элдик валютадагы акча каражаттары да болгон”, – деп жазылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом