Акыйкатчы «чет элдик өкүл» долбоорун чакыртып алууну сунуштады

Акыйкатчы «чет элдик өкүл» долбоорун чакыртып алууну сунуштады

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилерине аны чакыртып алууну сунуштады. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Акыйкатчы институту аталган мыйзам долбоорунун улуттук мыйзамдарга жана укуктарды камсыздоо жаатындагы эл аралык талаптарга шайкеш келүүсүн талдап чыккан. Мандатка ылайык, Акыйкатчы институту адам укуктары менен эркиндиктерин, анын ичинде Конституцияда каралган бирикмелерге биригүү эркиндиги, сөз эркиндиги жана эл аралык укуктук нормаларды камсыздоону жактайт.

«Акыйкатчы «Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам) жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилерине адам укуктары менен эркиндиктеринин эл аралык стандарттарын камсыздоо жана Кыргызстандын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткаруу максатында аталган мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштады. Ошондой эле, акыйкатчы демилгечилерге ушул долбоордун жаңы редакциясын эксперттерди тартуу менен кайрадан иштеп чыгууну сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин укук коргоочулар менен активисттер аталган мыйзам долбоору сөз эркиндиги, адам укугу жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдардын ишин чектей турганын билдирип, аны сынга алышкан. Бул боюнча президент менен Жогорку Кеңешке кайрылуу да жөнөтүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>