Исламабадда Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти жолугушту5-декабрь: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөтӨкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледи
Ысык-Көлгө чөгүп жаткан жигитти милиционерлер куткарып калышты
21.07.2023 | 13:20
Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жигитти милиционерлер куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 20-июлда саат 18:45 чамасында “Алтын-Кум” пансионатында катталган.
ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы коомдук коопсуздук камсыздоо кызматы учурунда полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун бөлүмчө командири, милициянын прапорщиги Акылтай уулу Адилет жана 2-батальондун кызматкери, милициянын старшинасы Дуулат Азатов сууга чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жаранды куткарып калышкан.
Куткарылган Бишкек шаарынын тургунуна биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом