Астанада орнотулчу Манастын эстелиги 25 млн сомго жасалат

26.07.2023 | 20:10

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Манастын эстелигин жасоого тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, пландалган сумма 25 млн сом, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 31-июль. Эстелик Астана шаарында орнотулат.

Эстеликтин узундугу – 4,40 метр болсо, бийиктиги – 5,50 метр, ал эми туурасы – 1,50 метр болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top